Мамлекеттик жаратылыш эстеликтери
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ЭСТЕЛИКТЕРИ – экологиялык, илимий, тарыхый-маданий жана эстетикалык жактан сейрек кездешүүчү, өтө баалуу объекттер. Жаратылыш объекттери атайын ыйгарым укуктуу органдардын сунушу боюнча КР Өкмөтү тарабынан М. ж. э. катары жарыяланат жана ага тийешелүү жерлер (суу объекттери) анын ээлери менен пайдаланып жүргөн тараптардан тартылып алынбайт.